Эмесе, кеп кезегин маегибизге буралы.

 

- Памир Жумалиевич, жалпы коомчулукка жар салынып атып жаӊы кодекстер да үстүбүздөгү жыл босогону аттаар менен ишке кирген эле. Андан бери бир топ убакыт өттү. Натыйжа кандай болууда?

 

- 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген жазык-процесстик мыйзамдарда тергөөчүнүн ыйгарым укуктары кеңейтилди. Жаңы түшүнүктөр, субъектилер, мисалы, атайын тергөө амалдары, көрсөтмөлөрдү депонирлөө, тергөө судьясы ж.б.у.с. киргизилди.

 

Жаңы мыйзамдардын талаптарына ылайык ар бир иш боюнча процессуалдык жазып-каттоо тартиби ѳтѳ формалдаштырылып, кѳлѳмдүү болуп, кѳп тергѳѳ амалдарын жүргүзүүнү жана убакытты талап кылат. Ошондой эле, тергѳѳчүлѳргѳ, ар бир ѳндүрүшүндѳ болгон, жыйынтыкта реабилитацияланган себептери менен кыскартыла турган сотко чейинки ѳндүрүш иштери боюнча да толук тергѳѳ амалдарын жүргүзүү, мисалы, сурак кылуу, беттештирүүлѳрдү жүргүзүү, экспертизаларды ѳткѳрүү, ж.б. талап кылынууда. Ал эми бул аракеттер тергѳѳчүнүн ѳтѳ кѳп убактысын алат. 

 

Андан сырткары, Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан ИИМдин буюрмасынын негизинде түзүлгөн жумушчу топ менен биргеликте талдоо жүргүзүү, укук колдонуу тажрыйбасын, жаңы күчүнө кирген Мыйзамдар жана Кодекстер боюнча карама-каршылыктар жана боштуктар боюнча анализ жүргүзүлүп, мыйзам долбоору иштелип чыгып, КР Ɵкмөтүнүн аппаратынын кароосуна жиберилген.

 

- Бул жылы кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестри ишке кирген соӊ  мурдагы жылдарга салыштырмалуу кылмыштуулук абдан көп катталып, 3-4 эсеге жогорулады деп айтылууда. Буга эмне себеп болууда?

 

- Ооба, 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы кодекстер жана мыйзамдар күчүнө кириши менен Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестри иштеп баштады. КЖБРге мурдагыдай эле жарандардын кылмыштар жана жоруктар жөнүндө билдирүүлөрү жана арыздары катталат. Тактап айтканда, эгерде 2019-жылга чейин “жазык ишин козгоодон баш тартуу” же “жазык ишин козгоо” деген процесстик чечим кабыл алуу жагы бар болуп, жазык иши козголгондон кийин кылмыштуулук деп саналса, ал эми азыркы учурда жаңы КР Жазык-Процесстик кодексине ылайык КЖБРге арыз же билдирүү катталган убакыттан баштап сотко чейинки өндүрүш башталып, ар бир факт боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, чечим кабыл алынат.

 

- Иштин катталуусу көбөйгөн соӊ жумуш да көбөйөт. Мындай учурда штаттык бирдиктердин көбөйүүсү же нормадан ашык иштөө дегендер жааты кантип жатат?

 

- Азыркы убакытка чейин деле жалгыз тергөө кызматы гана эмес, керектүү учурларда ИИОнун башка кызматтары да нормадан ашык иштеген учурлар болуп келүүдө. Учурдагы жагдайды эске алуу менен, ИИМдин жетекчилиги тарабынан штаттык бирдиктерди көбөйтүү маселеси ушу тапта каралууда.

 

- Технологиянын заманы, жаӊы доор деп атабыз. Демек мезгил агымына жараша ар багыттын алпарган ишиндеги усул-ыкмалар да өзгөрүп жаӊырышы шарт. Заманбап, кибер, IT-технология кылмыштуулуктары жаатында кызматкерлердин тажрыйба даярдыгына кантип кам көрөсүздөр?

 

- Тилекке каршы, бул жаатта атайын билим алып окутулган тергөөчүлөр жок. Бирок тергөөчү болгондон кийин, ал мыйзамга ылайык бардык категориядагы иштер боюнча тергөөнү жүргүзүүгө милдеттүү. Эгерде айтылган багыттагы кылмыштар катталса, анын өзгөчөлүгү менен тергөө амалдары жүргүзүлө берет. Тийиштүү учурларда КР Жазык-процесстик кодексине ылайык ушул жаттагы адистерди катыштырууга мүмкүнчүлүк бар.

 

- Ооба, тергөөчүлөрдүн убактысы тар, кагаздан баш көтөрбөйт деп келишет. Бирок, ошол эле маалда олуттуу маанайда өткөрүлгөн иш-чаралар, коомчулук менен байланыш жаатына да аралашып турсаӊыздар керек?..

 

- Туура айтасыз, жаңы кодекстердин кириши менен жумуш көбөйдү. Бирок ошого карабастан, мүмкүн болгон учурларда тергөөчүлөрдүн кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча аларды семинарларга, тренингдерде, тегерек столдорго ж.б. иш чараларга катышуу үчүн жиберип турабыз. Мисалы, акыркы жолу 2019-жылдын апрель айынын аягында Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнө караштуу КМЮАсы тарабынан криминалистика жана жазык процесси боюнча уюштурулган олимпиадага Бишкек шаарынын РИИБдеринин жаш тергөөчүлөрү студенттер жана мектеп окуучулары менен биргеликте катышып келишти. Мындан тышкары резонанс туудурган, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча коомчулукта пайда болгон суроолорго ММК аркылуу маалымат берилип турат. Бул иштер мындан ары да улантыла берет.

 

- Республика аймагында жыл башынан бери коомчулукта резонанс жараткан кылмыштардын жыйынтыгы кандай болууда?

 

- КР ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө боюнча башкармалыгы тарабынан оор, өзгөчө оор жана резонанс жараткан кылмыштар тергелүүдө. Мисалга алсак, Баткен облусунун прокурору киши колдуу болуп каза болгон жазык иши тергелип, соттук кароого жөнөтүлдү. Азыркы учурда Батукаевди бошотуу боюнча жазык иши боюнча тергөө жандандырылып, шектүүлөр кармалып тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, каймана аты “Дөө Чынгыз” деп элде айтылган Ч.Жумагуловдун үстүнөн жазык иши, Аламедин районунун Беш-Күӊгөй айылында жеке ишкерге карата болгон каракчылык боюнча жазык иштери тергелүүдө жана ИИМдин жетекчилигинин да көзөмөлүндө турат.

 

- Тергөөчүлөргө карата, алардын билим деӊгээли, иш алып баруу жаатына карата  коомчулукта сын пикирлер да айтылып келет… Буга эмнелер негиз болууда деп ойлойсуз?

 

- Азыркы учурдагы бирден-бир себеп, бул жаңы Мыйзамдарда жана Кодекстерде айтылып жаткан карама-каршылыктар, боштуктар болгондуктан бул учурлар тергөөчүлөргө карата терс сын-пикирлерди алып келиши толук мүмкүн. Мындан тышкары азыркы учурда тергөө кызматында ар кандай көрүнүштөр, себептер менен тергөөчүлөр ИИОдон кызматтан бошоп, же болбосо ИИОнун кызматтарына которулуп кеткен учурлар аз эмес. Тергөөчү болуп иштегиси келбегендердин бирден-бир себеби бул - жумуштун көлөмү. Жогоруда айтылгандай убакыт тар, кагаздан баш көтөрүлбөйт, кээ бири үчүн айлык акы аздык кылат. КР ИИМдин Тергөө кызматынын Жобосуна ылайык Тергөө кызматына жогорку юридикалык билими бар гана жарандар кабыл алынат. Ал эми ошол келечектеги тергөөчү окуу жайда жогорку билим алып жүргөн учурда кандай окуганына биз баа бере албайбыз, ал бизге окуп бүткөндөн кийинки окуу жайы тапшырган дипломун көрсөтөт. 

 

Бирок ошол эле учурда тергөөчү болуш үчүн жалгыз гана жогорку юридикалык билим эмес, адамдын өзүнүн кызыгуусу, адилеттүүлүгү, калыстыгы болушу керек.

 

Жаңы тергөөчү болуп келген адам, башында сөссүз кыйналат, тергөөнүн, ИИОдо кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн байкайт. Жарандар кайрылып, алардын маселесин чечүүдө ар кандай объективдүү себептер болот. Ошол учурда тергөөчү өзүн жоготпой, мүнөзүнүн туруктуулугун көрсөтүп, мыйзам чегинде туура чечим кабыл алуусу шарт. Ушул учурларда коомчулук жактан алар көп сын-пикирлерге учурап калат. Тергөөчү жазык ишин тергөөдө чечим кабыл алып жатканда, дайыма эле ал чечим процесстин катышуучуларына, мисалы жабырлануучуга же болбосо шектүүгө жага бербейт. Бул жагдайлар да сын-пикирдин жаралуусуна алып келет. Ал эми эгерде сын-пикир өз ордун тапса, кызматкерге сөссүз түрдө чара көрүлөт.

 

Белгилей кетчү жагдай, адам өзү бир кесипти тандап алып жаткан учурда, ал кесип, алган билими анын ата-энесине, бир туугандарына же болбосо элдин оюна эмес, өзүнүн келечегине, кесиптик жактан көтөрүүлүсүнө, татыктуу жашоосуна керек экенин түшүнүүсү, бир эле билим алып токтоп калбастан, өз алдынча кесиптик деңгээлин жогорулатуусу да зарыл. 

 

Тергөөчүлөрдүн кесиптик деӊгээлин жогорулатуу максатында жер жерлерде ИИОнын тергөө бөлүмдөрүндө насаатчылык иштери уюштурулуп, ар бир жаш тергөөчүлөргө насаатчылар бекитилген.

 

- Милиция кызматкерлеринен деле кээде тартип бузгандар болот эмеспи, андай учурларда кызматкерлериӊизге карата кандай чаралар көрүлөт?

 

- Тергөө кызматынын кызматкерлери ИИОнун кызматкерлери болуп, Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө Мыйзамына ылайык ант бергенден кийин, ИИОнун катардагы кызматкериндей эле биринчи кезекте КР ИИОнун Тартиптик жобосуна ылайык жоопкерчиликке тартылат. Маселен, жашырбай ачык айта турган болсок ушу тапта деле тергөөчүлөр тарабынан  тартип жана мыйзам бузууга жол берген фактылары катталса жетекчилик тарабынан кызматтык иликтөөлөр, текшерүүлөр жүргүзүлүп, жоопкерчиликке тартылууда. Жалгыз гана тергөөчү эмес кийинки учурда түздөн-түз жетекчиси да кызматкери менен тарбия жана үйрөтүү иштерин тийиштүү деңгээлде алып барбагандыгы үчүн да жоопкерчиликке тартылат.

 

- Бүгүнкү күнү ички иштер органдарынын ардагерлери менен кызматкерлердин байланышы кандай?

 

- Азыркы учурда тергөө кызматы ИИОнун ардагерлери менен дайыма байланышта. Анын ичинен тергөө кызматынын ардагерлери ар дайым өзүнүн тажрыйбасын жаш тергөөчүлөр менен бөлүшүп, кеңештерин айтып келүүдө. Апрель айында тергөө кызматынын түзүлгөндүгүнө 56-жыл болгонуна байланыштуу, КР ИИМнин жетекчилигине сунуш келтирилип, 20дай тергөө кызматынын ардагерлери ар кандай сыйлыктар менен сыйланышты.

 

Маектешкен Кубаныч Зайнидинов

Булак: “Майдан.kg