Кыргызстандагы колледждердин баары окуучуларды 9-класстын базасында кабыл алат. Бир гана  медициналык окуу жайга тапшыруу үчүн 11-классты аяктап келүү керек.

 

"Көрсө, Өкмөттүн 9-класстын базасында окуучулар кабыл алынбасын деген токтому бар экен. Тактап көрсөк, алар балдардын жаш курагын шылтоо кылышат, бирок анын негизи жок. Менимче, бул жерде балдардын кесип тандоо укугу чектелип калган. Ошондуктан, Өкмөт өзүнүн негизсиз чыгарган токтомун жокко чыгарышы керек", - деди  депутат Гүлшат Асылбаева Жогорку Кеӊеш жыйынында.

 

«Биз кечээ эле балдардын 9-класстан кийин билим алуусун улантуусуна шарт түзө турган «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин талкууладык. Алардын каалоосуна жараша атайын кесиптик билим берүү демилгесин депутаттар, анын ичинде өкмөт өкүлдөрү да колдоду. Демек, жаштарды сен тигил кесипти танда, бул кесипти тандоого укугуӊ жок деп, алардын кесип тандоо укугун тектөөгө болбойт. Медицинанын башка кесиптерден эч кандай деле артыкчылыгы жок. Өкмөт өзүнүн токтомун жокко чыгарышы керек», - деди депутат.