Транспорттук логистикада жагымдуу шарттарды түзүп берүү жолу менен туристтерди эки тараптуу көбөйтүү максатында, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин көмөгү менен “INSPIRO TRAVЕI” (Кыргыз Республикасы) жана “АЗИЯ ЛЮКС TRAVЕI” (Өзбекстан Республикасы) туристтик компаниялары “Өзбекстан хаво йуллари” УАК менен бирдикте 2019-жылдын 27-июнунан 6-сентябрына чейин 2019-жылдын туристтик сезонуна карата “Ташкент-Тамчы (Ыссык-Көл)” маршрутундагы чартердик авиакаттамды жандандырууну пландаштырып жатышат.

           

“Ташкент-Тамчы-Ташкент” маршрутундагы каттамдар жумасына бир жолу бейшемби күнү жүргүзүлөт.

           

Бул каттамды учуруу алкагында, Өзбекстандын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн Кыргызстанга маалымат туру менен баруу жагы уюштурулууда. Маалыматты КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.