- Кылыч мырза, маегибиздин башатын Жалал-Абад аймагындагы коомдук-саясий абал, криминогендик кырдаал туурасында баштасак...

 

- Эгер бир сөз менен айта турган болсок, анда областтын аймагында жалпы криминогендик кырдаал жана коомдук-саясий абал туруктуу бойдон сакталып турат. Жалал-Абад областтык ИИОнун өздүк курамы өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жана талаптарды так аткарышып,  кылмыштуулуктун алдын алууда, катталган кылмыштардын бетин ачууда жана коомдун, жарандардын коопсуздуктарын камсыздоодо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентиннин Жарлыктарынын, Өкмөттүн токтомдорун, КРнын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин, КРнын ИИМнин буйруктарын, буюрмаларын жана коллегиянын чечимдеринин талаптарын аткарууда кынтыксыз иш алып баруунун аракетинде десем болот.

 

Ишти натыйжалуу аткаруу үчүн өз учурунда материалдык-техникалык камсыздоолор да  болуп келет. Алсак, 2019-жылдын 1-январынан автоматташтырылган маалымат системалары боюнча Кылмыш жана Жоруктар Бирдиктүү Реестри жана Бузуулар бирдиктүү реестрлерин ийгиликтүү түрдө ишке киргизүү максатында, КРнын ИИМнен жалпы 131 даана компьютерлер келип, учурда ОИИБдин Борбордук Аппаратында жана ШРИИБде компьютерлер Бирдиктүү реестрлерге уланып, алгылыктуу иштер алынып барылууда.

 

Ал эми ишмердүүлүк боюнча токтоло кетсем, Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык Кодексинин 5-беренесине ылайык, 2019-жылдын башынан бери Электрондук Маалыматтарды Каттоо Журналына (ЭМКЖ, ЖУИ) жалпы - 2915 маалымат катталып, Кылмыш, жоруктардын Бирдиктүү Реестрине (КЖБР) - 2206 маалымат которулган. Анын ичинен 1246 кылмыш жана 1045 жоруктар катталган.

 

Катталган кылмыштардын бетин ачуу пайызы боюнча айта турган болсок,  үстүбүздөгү жылдын 1-чейрегинде Жалал-Абад областтык ИИОнун тергөө кызматтарынын жана жоруктар боюнча бөлүмдөрүнүн өндүрүшүндө жалпы 1904 сотко чейинки өндүрүш иштери болуп, анын ичинен 641 сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча чечимдер кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Генералдык Прокуратурасынын статистикалык отчетунда көрсөтүлгөндөй кылмыштын бетин ачуу пайызы 33,6%ды түзүп, бул багытта жалпы республиканын аймагында алдыңкы орунга жетиштик.

 

- Жалпы коомчулукка жар салынып жатып, жаңы кодекстер да үстүбүздөгү жыл босогону аттаар менен ишке кирген эле. Андан бери бир топ убакыт өттү. Натыйжа кандай болууда?

 

- Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, республикабыздын аймагында 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы Мыйзамдар жана Кодекстер күчүнө киргизилип, бул багытта өздүк курам арасында жалпы 69 жолу теориялык (234 лекция), 5 жолу практикалык сабактары жана 78 семинарлар өткөрүлдү. Ошондой эле, жыл башынан өздүк курамдын кесиптик-даярдыктары боюнча тематикалык иш-мерчемдеринин негизинде, жаңы мыйзам жана Кодекстерди окутуу жадыбалдары бекитилип, ар жуманын шаршемби жана ишемби күндөрү теориялык сабактар өткөрүлүп келүүдө.

 

Ошондой эле, Жалал-Абад ОИИБдин 2019-жылдын 11-январындагы №4р сандуу “Алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларын күчөтүү жөнүндө”  буюрмасынын негизинде, областтын аймагында бардык айыл-кыштактарда, мекеме-ишканаларда, окуу жайларда, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөттөр, кварталдык комитеттердин өкүлдөрү, прокуратура жана аксакалдар сотторунун катышуусунда өткөрүлгөн элдик жыйындарда, коомчулукка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар бир өткөрүлгөн иш-чаралар жалпыга маалымдоо каражаттарынан чагылдырылып келүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин  бул багыттагы 411 иш-чара өткөрүлдү.

 

- Жаңырган жыл башынан тарта аймакта олуттуу делген эмне жаңылыктарды киргизе алдыңыздар?

 

- Президентибиз С.Ш.Жээнбековтун «2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, КРнын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору К.А.Джунушалиевтин демилгесинин негизинде, 2019-жылдын 20-мартында  Жалал-Абад ОИИБдин имаратында «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча жарандарга мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү борборун ачууга жетиштик.  

 

Бул тутум ишке киргизилиши менен ИИОдо коррупциялык терс көрүнүштөргө аз болсо да бөгөт коюлуп, жарандарга мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүдө милиция кызматынын дарегине айтылган ар кандай сын-пикирлердин алдын алып, жарандардын милицияга болгон ишеними арттырып, алардын кылмыш жоопкерчилигине тартылган-тартылбагандыгы, өлкөнүн аймагында соттолгон-соттолбогондугу тууралуу маалым каттарды, кооптуу жүк ташыган унааларга лицензияларды жана башка маалым каттарды берүү багытында кызмат көрсөтүүдө. 

 

Мындан сырткары, Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын элинин көйгөйлөрүн жеринде чечүү жана милиция менен элдин биримдигин бекемдөө максатында ОИИБи тарабынан демилге көтөрүлүп, анын негизинде Атабеков айыл аймагынын короосуна, аталган айыл аймактын жана «Saferworld»  толерантуулук фондунун демөөрчүлүгү менен жалпы 1 млн. 152 миң 569 сомго коомдук алдын алуу борбору ачылды.

 

 

- Облус аймагында  коомчулукта резонанс жараткан кылмыштардын жыйынтыгы кандай болууда?

 

- Областтын аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачууда өздүк курамдын тажрыйбаларын өркүндөтүү, күжүрмөн-даярдыктарын жана кесиптик-чеберчиликтерин жогорулатуу максатында үстүбүздөгү жыл башынан тарта өздүк курамды 30дан ашуун жолу күтүүсүз айгай (тревога) менен көтөрүп, текшерүүлөр жүргүзүлүп келүүдө.  

 

Анын негизинде областтын аймагында катталган резонанс жараткан 7 кылмыштын өз убагында бетин ачууга жетиштик. Мисалы: Ноокен районунда – жаш баланы уурдап өлтүрүү фактысы, Жалал-Абад шаарында – адам уурдоо, ок атуучу курал жана ок дарыларды мыйзамсыз сактоо, уурулук фактылары, Сузак районундагы - каракчылык жана Базар-Коргон районундагы – каракчылык, мектеп окууучусун зордуктоо фактысы.

 

- Уюшкан кылмыштуу топтор, алардын ички тиреши, коомчулукка таасири жаатында эмне айта аласыз? Бул жаатта кандай иштерди алып баруудасыздар?

 

- Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында тийиштүү кызматтар тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө жана жетекчилик тарабынан ар дайым катуу талаптар коюлуп, көзөмөлдөнүп келет.

 

2019-жылдын 5-февралында Жалал-Абад областынын Сузак районунун Чангыр-Таш айылынын тургуну, 1988-ж.т. Т.Ы.Ж. аттуу уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү мыйзамсыз ок атуучу куралды сактагандыгы үчүн кармалган.

Бүгүнкү күндө, областтын аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун жалпы 55 мүчөсү каттоодо турат, бирок каттоодо турган даректеринде жашабайт. Ал эми, келип-кеткендери боюнча такай көзөмөлгө алынып, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп келет.

 

Ошондой эле, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №10 түзөтүү колониясы Жалал-Абад шаарынынын борборунда жайгашкандыктан, ЖАМКнын кызматкерлери менен ыкчам маалымат алмашуу багытында тыгыз байланышта иштер жүргүзүлүп турат. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде, 2018-жылдын декабрь айларында №10 түзөтүү колониясында Жалал-Абад ШИИБдин жана ЖАМКнын кызматкерлери биргеликте көзөмөлдөп өткөрүүчү пунктун текшерген учурда, Ноокен районунун Арал айылында 1976-ж.т. (айылдык кеңештин төрагасы) Ө.А.А. аттуу жарандан гашиш банги заты алынган.

Бүгүнкү күндө, мындай ыкчам-иликтөө иш-чаралары тынымсыз улантылып келүүдө.

 

- Коомчулукта милициянын дарегине сын пикирлер айтылган учурлар жок эмес. Калкты мындай пикирге түрткөн себептер эмнеде дээр элеңиз?

 

- Ооба, арабызда өзүнүн кесиптик милдетин толук аңдап биле албаган, жалпы милициянын аброюна шек келтирген кызматкерлер жок эмес. Бирок «Беш кол тең эмес» дегендей, азыркы учурда кызматкерлердин ар бир кадамы интернет булактарынан жарыяланып, коомчулук арасында түшүнбөстөн туруп талкууланып, ар кандай туура эмес сын пикирлер айтылган учурлар дагы кездешүүдө. Ал учурда ошол факты боюнча өз убагында коомчулукка туура маалыматтарды жеткирип, терс сын-пикирлердин алдын алып келебиз. Кылмыш жообуна тартылган кызматкерлердин арасында жаңылышып, ак жерден караланып калган кызматкерлерибиз дагы бар.

 

Ал эми, коомчулуктун милицияга болгон сын-пикирлеринин жаралуусу, бул элге жаңы Мыйзамдар жана Кодекстер боюнча  түшүнүктөр толук кандуу жеткирилбегендигинен деп ойлоймун.

 

Бүгүнкү күндө, коомчулук менен тыгыз байланышта иш алып барган милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнө жаңы мыйзамдар жана кодекстер боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча талаптар коюлуп, коомчулукка өздөрүнүн отчетторун берген учурда жаңы Мыйзамдар жана Кодекстер боюнча маалыматтар жеткирилүүдө.

 

- Жыл башынан тарта Жалал-Абад милициясынын курамында канча кызматкер тартип бузду жана аларга кандай чаралар көрүлдү?

 

- 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргизилген жаңы мыйзам жана кодекстер боюнча өздүк курамга байма-бай окутуп-үйрөтүү сабактарын өткөрүп, чегеримдер алуу, ИИОдо коомдук-түзүлүштөрдүн ишмердүүлүктөрүн күчөтүү жана катуу көзөмөлдөөнүн негизинде 2019-жылдын 1-чейрегинде өздүк курамдын арасында мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти бузуулардын саны кыскарды деп айта алам.

 

Тагыраак айта турган болсом кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту бузгандыгы үчүн 13 кызматкер ээлеген кызматынан четтетилип, 2 кызматкер ички иштер органынан толугу менен бошотулду.

 

Ар бир мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти бузуулар боюнча КРнын ИИМнин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматкерлердин үстүнөн иликтөөлөр жүргүзүлүп, тийиштүү чаралар көрүлүүдө.

 

- Ардагерлердин ден соолугуна кам көрүү максатында атайын дарылануучу бөлмөлөрдү ачкан экенсиздер...

 

- Ооба,  ардагерлерди медициналык жактан тейлеп, алардын ден-соолуктарына кам көрүү максатында, КРнын Ички иштер министри милициянын генерал-майору К.А.Джунушалиевдин койгон талаптарын ишке ашыруу багытында, Жалал-Абад ОИИБдин медицина кызматынын алдында атайын 10 адамга ылайыкташтырылган жатып дарылануучу бейтапкана ачылган.

Бул багытта, Жалал-Абад ОИИБдин медициналык кызматы тарабынан областтын аймагындагы бардык ардагерлер медициналык кароодон өткөрүлүп, ушу күнгө чейин 70 ардагер дары-дармектер менен камсыздалып, бейтапканага жаткырылып дарыланды.

 

Ошондой эле, алыскы район-шаарларда жашаган жана дарылануу үчүн Жалал-Абад шаарынын борборуна келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон ардагерлерди, Жалал-Абад шаарына алып келип дарылатып, үйлөрүнө жеткирүү жагы ШРИИБдин жетекчилерине милдеттендирилип, бүгүнкү күндө ардагерлерди толук  дарылатуу иштери улантылууда.

 

Негизинен областтын аймагында жалпы 694 ардагер бар. Алар менен ар дайым тыгыз байланышта иш алып барылат. Ардагерлер да ИИОго жаңыдан кызматка дайындалган кызматкерлерге буйруктун негизинде насаатчы болуп бекитилип, жаш кызматкерлерге өздөрүнүн кызматтык тажрыйбаларын үйрөтүп, кызматкерлерди жеке тарбиялоодо чоң салымдарын кошуп келишет.

 

Маектешкен Нурлан ЖУКЕЕВ

Булак: “Майдан.kg