Президент  Сооронбай Жээнбеков "Аймактар үчүн Таза суу" форумуна катышты. Анда сөз сүйлөп жатып, бир министрлик менен төрт шаардын мэрлеринин ишин сынга алды. 

 

"Таза суу маселесин чечүүгө катышып жаткан бардык мамлекеттик органдар - курулуп жаткан жана курула турган таза суу курулмаларынын сапатына жеке жоопкерчиликти алышы керек.

 

Тилекке каршы, жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерге карабастан, таза суу секторунда долбоорлорду даярдоодо жана аны ишке ашырууда көптөгөн кемчиликтер орун алганы мага маалым. Бөлүнгөн акча каражаттарын сарамжалдуу жана рационалдуу пайдалануу менен бирге, таза суу долбоорунун биринчи этабында (2001-2009-ж.ж.) кетирилген кемчиликтерди, коррупциялык көрүнүштөрдү кайталоого жол берилбеш керек", - деди президент.

 

Анализ көрсөтүп тургандай, көп жумуштар, анын ичинде донорлордун жакшы демилгелери, борбордук органдардын жана жергиликтүү бийликтин ыкшоолугунан аткарылбай калууда.

 

Долбоорлорду даярдоо мөөнөтүнөн баштап, даярдалган кредиттик жана гранттык келишимдерди Жогорку Кенештен ратификациядан өткөрүүгө кеткен убакыт эки, үч жылга чейин созулуп барат.

 

Айрым шаарлар боюнча бул көрүнүш төрт, беш жылга чейин созулган фактылар бар. Бул маселени чечүүдө айрым министирликтер жана ведомстволор берилген материалдарды өз убагында карашпай, кароо мөөнөттөрүн абдан кечиктирип беришкен. Мындан тышкары, көпчүлүк мэриялар донорлор тарабынан бөлүнгөн акча каражаттарын ар кандай шылтоолор менен саясаттын куралына айландырып, өз мөөнөтүндө өздөштүрбөй келишет. Буга мисал катары Чүй облусунун Кара-Балта жана Токмок шаарларын атаса болот. Аталган шаарларда долбоорлордун башталышы 2012-2015 жылдарга таандык болгондугуна карабастан, бүгүнкү күнгө чейин толук күчүнө кире элек. Жалал-Абад шаарынын өз алдынча башкаруу органдары мурунку чакырылыштагы шаардык кенештин чечимин негизсиз четке кагышкан. Донорлор тарабынан бөлүнгөн акча каражатын алаарын же албасын ачыктабай, экинчи этаптагы (2016-2023-ж.ж.) инвестиция тартуу мөөнөтүн 8 айга создуктуруп жиберишкен. Ал эми, Өзгөн шаарынын мэриясы шалаакылык кылып, 2017 - жылы шаарга тартылып берилген 11 млн евро акча каражатынын бүгүнкү күнгө чейин 1 сомун дагы өздөштүргөн эмес.

 

Мисал катары айтсам, менин 2018 - жылдын июнь айындагы Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик иш сапарымда 100 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант алуу маселеси чечилген. Акжа каражатын тартуу маселеси боюнча Экономика министрлиги тарабынан бүгүнкү күнгө чейин тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлгөн эмес", - деди президент.