Айыл чарба министри Нурбек Мурашев кызматтан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазганы тастыкталды. Бирок, министрдин “өз каалоосу” өкмөт жыйынында премьер-министр М.Абылгазиевден сын уккандан кийин гана ойгонгондугун белгилеп коюу керек.

 

Премьер-министр Мурашевге иштей албагандыгы үчүнкоомчулук тарабынан чириген картошка жана көлөч тапшырылгандыгын белгилеп, андай болбош үчүн алдын-ала аракеттенүү зарылдыгын айткан.

 

Мурашев бир нече жолу өкмөт алмашканына карабастан, кызматын сактап калган чиновник. Бирок, коомчулук анын ишмердүүлүгүнө кескин түрдө сын көз карашта.