Кыргызстандын аймагында 25-26-май күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар,  кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаашы ыктымал. 

 

Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. 

 

 

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. 

 

Абанын температурасы төмөндөйт.

 

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

 

25-26 майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.