Бишкек, "Саясат.kg". Ал кандай "жер алдындагы тарыхый шаарды" курууну ойлонуштурган?
Ушул жылдын май айында саясатчы, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев качандыр бир өзү башкарган шаардын чок ортосуна чоң долбоорду баштаган. "Бул жер алдындагы чыныгы тарыхый шаар болот, - деп айткан ал анда. - Мындай жер алдындагы шаарлар дүйнөдө аз санда гана. Бул жерде кыргыз элинин маданияты жана байыркы тарыхы чагылдырылат".
Ооба, бул өтө кызыктуу сезилген. Бишкектиктер өзгөчө курулуш үчүн бир катар ыңгайсыздыктарга чыдашты, анткени шаар ортосундагы жол жабылды. ЦУМга да, ГУМга да түз өтүп бара албаганың аз келгенсип, транспорт да жүрбөй, шаардын ансыз да машинага толгон көчөлөрү тыгынга толду.
Түлеев анын мегадолбоору автоунаа токтотуучу жайларга жана жол тыгынга байланышкан маселелерди чечээрин айткан болчу. Башкы максаты катары транспорттук агымды азайтуу экенин да билдирген.
Ал кандай "жер алдындагы тарыхый шаарды" курууну ойлонуштурган? Өзгөчө суперзаманбап көп даражалуу жер алдындагы өткөөл. Биринчи деңгээлде - 220 автоунаага ылайыкталган токтотуучу жай, экинчисинде - соода, социалдык жана сервистик объектилер. Анын баары ЦУМ жана ГУМ соода борборлору менен бириктирилген. Эскалаторлор, лифттер, адамдар, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн бардык шарттар каралган.
"Үстүндө бир гана автоунаалар жүрөт, - деп айткан Нариман Ташболотович, - а адамдар жер алдында болушат. Аны менен катар өйдөңкү бөлүктө толук шарттар камсыздалат, гүлдөр, бак-дарактар отургузулат, бул жер Бишкектеги эң бир кооз жерге айланат".
Суроо: "Качан бул кооздукту көрө алабыз?" - бул шаардыктарды абдан толкунданткан. Чыдап койгонго албетте, болот, көнүп деле калбадыкпы. Бирок качанкыга чейин чыдаш керек? Башында бир жарым - эки жыл чыдоого туура келээри айтылган. Андан соң долбоордун демилгечиси бир аз ойноону чечти окшойт, эл алдында Чүй проспектисиндеги ЦУМ жана ГУМ аймагындагы жол 2025-жылдын 1-декабрында ачылат деп айтты. Анан кайра мөөнөт бир аз артка жылды - 5-6-декабрга. А жер алдындагы комплексти Жаңы жылга чейин аяктоону убада кылды.
Нариман Түлеев оптимизмге толуп, бишкектиктерди "кайгылуу блогерлерди" укпоого чакырган. Баары белгиленген план боюнча баратат, бир аз гана чыдап койсоңор болду деген.
А 8-декабрда курулуш иштерин генерал-полковник Камчыбек Ташиев барып көрдү. Ошол жерден бир катар деталдарга көңүл бурду. Асфальт төшөө иштери улантылып жатат, проспекттин жолу бир топ кысылган.
Ушундай жолду тарытуу жолу менен куруучу тарап жол тыгынын чечүүнү көздөдү беле? Мындай учурда бул чынында эле уникалдуу долбоор, мындай экинчи долбоор дүйнө жүзүндө жок.
Түлеевдин айтымында, курулуш иштери долбоор процесс учурунда өзгөрүүгө учураганынан келип чыккан. Ибраимов көчөсүнө чейин кеңейтилген, а имарат эки кабаттуу эмес, үч кабаттуу болуп чыга келди. Жалпысынан, Нариман Ташболотовичке курулуш иштери жүрүп жаткан аймак тар сыяктуу сезиле баштады окшойт. Анын кең дүйнөсү курулушту болушунча чоюуга жана жолду тарытууга аргасыз кылды го.
Бирок ал жер алдындагы шаарды өзү үчүн өзү каалагандай эмес, эл үчүн куруп жатканын унутуп калгандай. Эл үчүн иштеп жаткандан кийин биринчи кезекте элдин муктаждыгына жана ыңгайына басым жасоо керек. УКМК төрагасы Ташиев так ушинтип айтты: "Долбоор сиздин эмес, шаардыктардын маселесин чечиши керек".
"Мен мүлкүмө өкүнбөйм, андан да жакшысын курабыз, - деп айткан Нариман Түлеев 2017-жылдын апрель айында пресс-конференцияда, соттолуп, мунапыс алып жана ага таандык көптөгөн объектилерден ажыратылгандан кийин. – Президент качып кеткени өкүнүчтүү, бардык күнөө бизде калды". Ал качкын президент Курманбек Бакиевди айткан, анын убагында жогорку кызматтагы Түлеев, ачык айтканда, аябай эле гүлдөп-өскөн. Ошол убакта элге өзгөчө көңүл буруу, алар менен кеңешүү жана аларга бир нерсени түшүндүрүү болгон эмес. Чиновниктик аппарат мамлекет башчысынын үлгүсүнө ылайык, элдин эсебинен өзүнүн жеке көйгөйлөрүн чечип, жеке муктаждыктарын жана амбицияларын канааттандыруу менен алек болгон.
2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин Бакиевдин тушунда иштегендердин көбү кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бул тагдыр Нариман Түлеевди да кыйгап өткөн жок. Бирок ал өзү, ага карата козголгон кылмыш иштери жана сот өкүмү жаңы президент Атамбаев тарабынан жана эч кандай негизсиз эле козголгонун айткан. Жеке президенттик жек көрүүдөн улам. Балким, ошондой болгондур: Кыргызстанда Атамбаевдин доорунда көптөгөн адамдар анын жеке кастык мамилесинен улам жапа чеккен.
Кандай болгон күндө да, Түлеевге коюлган бардык айыптоолор алынып салынды жана президент Садыр Жапаров баштаган жаңы бийлик жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев ага толук карт-бланш берди: мамлекеттин жана элдин жыргалчылыгы үчүн чынчыл иштеңиз – ошондо бактылуу болосуз. Борбор калаанын чок ортосундагы мегадолбоорду да жактырышты, курулуш көзөмөлдөн чыгып, бардык чектен чыга баштаганга чейин эч ким тоскоолдук кылган жок.
Генерал-полковник Ташиев аскерче так жана талкууга жатпаган чечим кабыл алды: үчүнчү кабатты бузуу, жолду бошотуу, жумуштарды тездетүү. Ал эми бишкектиктер жакынкы аралыкта кереметтүү жер астындагы жолду көрүп, тыгындардын бир аз болсо да азайганын сезүүгө үмүттөнүшөт.
vb.kgден алынып, которулду