Бир канча жыл мурда Токтогул жергесиндеги 33 миӊ гектар жер суу сактагычка берилип, 43 адам адам башка жерге көчөрүлгөн. Ошондон улам, ошол кенемтени толтуруу катары, Токтогул районунун атайын фонду түзүлүп, ага жыл сайын бюджеттен 70 млн сом которулуп турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Бакиров билдирди.
Айтымында, аталган фондго элдин нааразычылыгы күч. Анткени, аны бир үй-бүлө мүчөлөрү башкарышат.
«Жергиликтүү тургундардын айтымында, Токтогул районунун атайын фондун бир үй-бүлө мүчөлөрү башкарып, каражат башаламан жумшалат экен. 70 млн сом аз каражат эмес, фонддун акыркы үч жылдагы ишине иликтөө жүргүзүп, каражаттын кайда жана кандай жумшалып жатканын тактоо зарыл. Эгерде каражат өз багытында жана жергиликтүү калктын пайдасы үчүн жумшалып жатса, анда анын жетекчилерине сыйлык бериш керек. Эгерде каражат кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгына гана жумшалып жаткса, анда анын жетекчилерине тийиштүү чараларды көрүш керек», - деди депутат.