Мугалимдерди жана окуучуларды окуу жылынын аякташы менен куттуктаган депутат Аида Исмаилова: "Эгемен Кыргызстаныбыздын жаркын келечеги жаштардын колунда. Андыктан, келечек ээлеринин эл керегине жараган мыкты инсан болуп калыптанышы үчүн баарыбыз кам көрүшүбүз керек. Аларга татыктуу таалим-тарбия, билим берип, өсүп-өнүгүүсүнө өбөлгө түзүшүбүз зарыл", - деди.

 

Ошондой эле, мектепти аяктап жаткан абитуриенттерге ийгилик каалаган эл өкүлү: "Алдыӊарда узак жол турат. Ал жол баарыӊарды зор жетишкендиктерге жеткирип, мамлекет үчүн эмгек кылган эр-азамат элге таанытсын", - деп кошумчалады.  

Мындан сырткары, аталган айылдардагы үч мектепке үчтөн компьютер белек кылып, окуусунда ийгилик жараткан алдыӊкы окуучуларга Ардак грамоталарды таршырды.

 

Мектептердин жамааты жана окуучулар берилген белектерге ыраазылыгын билдиришип, айрыкча компьютер жабдуулардын жетишсиздиги башкы көйгөй болуп келгенине токтолушту. Эл өкүлү бул сыяктуу жардамдар дагы да улантыларын айтып, балдардын келечегине кам көрүү башкы максаттарынын бири экенин белгиледи.

 

Муну менен катар Аида Исмаилова Ичке-Булуӊ айылынын кире беришине мектеп он жыл мурун бүтүргөн окуучулар тарабынан тургузулган арканын да ачылышына катышты. Ишке ашырылган саамалыкка жогору баасын берген депутат, мындай демилгелерден башка мектеп бүтүрүүчүлөрү да үлгү алуусу керектигин билдирди.  

 

Эскерте кетсек, бир ай мурун депутат Аида Исмаилова жогоруда аты аталган айылдарга иш сапар менен барып, мектептердин абалы менен таанышкан. Анда окуучулар компьютер жабдууларына муктаж экенине күбө болгон эле.