Кыргызстанда 2019-жылдын беш айында 2 миңден ашык киши кызамык менен ооруган.
Бул тууралуу ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин отчетунда айтылды.
Маалыматка караганда, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл кызамык менен ооругандардын саны 17 эсеге өскөн. Мисалы, быйыл 2066 учур, ал эми 2018-жылы 119 учур катталган.
Ошондой эле, көк жөтөл менен ооругандар 1,4 эсеге өскөн: 2018-жылы 83, быйыл 116 учур катталган.
Андан тышкары, паротит менен ооругандар 5,1 эсеге көбөйгөн: быйыл 488, былтыр 93 учур аныкталган.