Мыйзамсыз байыгандарга ырайым болбош керек!

 

- Кыргызстанда “Мыйзамсыз баюу” боюнча берене жалаң Атамбаевдин Дамир Мусакеевге окшогон жакшы санаалаштарын жазалаш үчүн гана колдонулабы? Бул берене “ичти, жеди” деген министрлерге колдонулбайбы?

 

 

- Өзү “мыйзамсыз баюу” боюнча кылмыш иштин козголгону эл үчүн жакшы көрүнүш. Антпесе көптөгөн мамкызматкерлер өтө эле кутуруп, көөп кетишти. Элди көздөрүнө илбей калышты. Бул президентти эрдиги! Башка маселе, президенттин мындай аракетин күч структуралары кандай аткарып жатышат. Алар үчүн бийликке жагынуу биринчи орунда! Саясий конъюнктура деген түшүнүк бар. Күч органдары аны өтө мыкты өздөштүрүп алышкан. Азыркы абалды кылдат баамдашып, дароо Мусакеевге иш козгой салышты. Ал болсо, ММКын мобилизация кылып, контрчабуулга өттү. Демек ал жигиттин дагы ресурсу күчтүү экен. Болбосо, анын артынан ошончо журналисттерди ким жана кандай каражаттар менен уюштурууга батынды?

 

Менимче коррупцияга каршы күрөшүү эми өзүнүн дагы бир жогорку этабына өтүп бараткандай. Анткени, эл өзү көзөмөл кыла баштады. Демек, кезек кээ бир коррупционер депутаттар менен министрлерге келип калды. Мен муну так жана ишенимдүү айта алам. Жакында алардын дагы үстүнөн иштер козголо баштайт! Башка жол жок!

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити