Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын экономика министри болуп дайындалды.
Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мурдагы экономика министри Олег Панкратов кызматтан өз каалоосу менен кеткен.