Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев маалыматтык технология Мамкомитетинин башчылыгына талапкер Дастан Догоевге суроо узатты:

 

“Сиз өкмөттө иштей аласыз, жалгыз калып кетпейсизби? Прогрессивдүү жашсыз, сизди коомчулук колдойт”, - деди ал.

 

Догоев депутаттын суроосуна жооп кылып, аны өкмөт башчы кызматка өзү чакырганын жана өкмөткө санарип технологиясын ишке ашырууда бардык жагынан жардам берээрин билдирди.

 

Жогорку Кеңеш бүгүн бир катар министрликтердин жана комитеттердин башчылыгына талапкерлерди кароодо. Абылгазиев төрт талапкерди сунуштады. Алар маалыматтык технологиялар Мамлекеттик кызматына – Дастан Догоев, айыл чарба министрлигине – Эркин Чодуев, өкмөт Аппаратынын жетекчилигине – Самат Кылжыев, экономика министрлигине –Санжар Муканбетов.