Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт музейинин жетекчиси болууну каалагандардын документтерин кабыл ала баштады.
Музейдин буга чейинки жетекчиси Юристанбек Шыгаев сактоочу жайдан Николай Сверченконун кыл калеминен жаралган эки түп нуска сүрөттү чыгарып кетип, кайра жараксыз абалда кайтарганы коомчулукка белгилүү болгондон кийин өз арызы менен иштен кеткен.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, музейди жетектегиси келгендер жогорку билимдүү болушу кажет. Музейлерде үч жылдан кем эмес, же маданият жана искусство тармагында жетекчилик кызматтарда беш жылдан кем эмес иштеген тажрыйбасы талап кылынат. Андан тышкары да топтоочу документтердин узун тизмеси бар.
Бул талаптардан чоочулабаган каалоочулар документтерди 7-июнга чейин Пушкин көчөсү 78 дарегине жеткирсе болот.