Депутат Алиярбек Абжалиев айыл чарба министри болом деп талапкерлигин койгон Эркинбек Чодуевдин кудасы болоору айтылууда. Бирок, депутаттын жардамчылары анын бул маалыматты расмий төгүнгө чыгараарын билдиришти.

 

Айрым маалымат каражаттарынын жазганына караганда, президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиев айыл чарба министри болууга шымаланган Эркинбек Чодуевге да куда.