К.Ташиев: "Президент Ак үйдө отуруп алып деле элдин турмушун оңдой албай, мамлекетти өйдөгө чыгара албай айласы куруп атса, анан кайдагы дача?"

Президент Алмазбек Атамбаев Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырды. Ага ылайык, балдарга ырайымсыз мамиле кылуу, ден соолугуна зыян келтирүү, мазактоо жана өз жанына кол салууга жеткирүү үчүн каралган жазалар күчөтүлөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Алмаш Шаршеновичтин бул жакшылыгын өмүр бою унутпаймын! Президентибиздин мээнетин жана жакшылыгын жакшы окуп, болочокто Кыргызстан үчүн ак эмгек кылуу менен сөзсүз акыры актаймын!" – деп ишендирди балакай Исхак Усенов.

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев менен ага козголгон кылмыш ишинин жыйынтыгы жана Кыргызстандагы диний абал, билим берүү тармагы тууралуу ой бөлүштүк.

Карганбек Самаковдун кыргыз эли үчүн жасаган зор эмгегинин негизинде калк арасында кадыр-баркы өсүп баратканын көрө албаган ички душмандары жок жеринен жалаа жаап, ак жеринен каралап, карандай доомат артып жатканын байкоого болот

Бишкек, “Саясат. kg”. 2010-жылдагы Ош окуясында кырдаалды курчуткан жана милиция кызматеринин өлүмүнө себеп болгон деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун сот процесси уланды.

Бишкек, “Саясат.kg”. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Флейта и земля”  (“Чоор жана жер”) деп аталган, мурда жарык көрө элек чыгармасы табылды.

Казакстанда сот Актөбөдөгү куралдуу кол салуунун жети катышуучусун өмүр бою эркинен ажыратты. “Интерфакс” кабарлагандай, дагы эки адам 22 жана 25 жылга түрмөгө кесилди.

Өзбекстандагы президенттик шайлоону чагылдыруу үчүн 1306 жергиликтүү жана чет өлкөлүк ММК каттоодон өттү. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет.

 

Бишкек, “Саясат. kg”. Декабрь айынын башында өлкө жылуу аба ырайына туш болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бишкек, “Саясат. kg”. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамтүзүм, соттук-укуктук маселелер жана регламент комитетинин жыйыны бүгүн, 29-ноябрда болбой калды. Анткени, кворум чогулган жок.

Бишкек, “Саясат. kg”. Кыргызстанда ушул жылдын тогуз айында катаал мамилеге жана зомбулукка туш болгон 67 бала аныкталган. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Бишкек, “Саясат. kg”. Москва шаарынын мэри Сергей Собянин аталган шаарда эмгек мигранттарынын арасында легализация болгонун кабарлады. Бул тууралуу Interfax жазып чыкты.

Бишкек, “Саясат. kg”. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана БУУнун СПИД боюнча программасынын иликтөөлөрүнө караганда Кыргызстан ВИЧ-инфекцияларды алып жүрүүчүлөрдүн саны кескин өскөн алдыңкы жети мамлекеттин катарына кирет.

Бишкек, “Саясат. kg”. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жыйынында “Жетимдүү турак-жай” программасы жакын арада өзүнүн жыйынтыгын көрсөтө турганын билдирди.

Атырау соту жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аяндын ар бирине карата беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Алар «жер маселеси боюнча» митингдерге катышкандан кийин камакка алынышкан.

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп «мыйзамсыз добуш берген миллиондогон адамдарды эске алганда» 8-ноябрдагы элдик шайлоодо жеңишке жеткенин билдирди. Бул тууралуу шайлоочулар коллегиясынын жетиштүү добушуна ээ болгон Трамп Твиттерге 27-ноябрда жазды.

Акция катышуучулары “илимди жоготпогула!”, “кыскартууну талкалоо менен айырбаштабагыла!” деген өңдүү жазууларды кармап алышкан.

Улуттук илимдер академиясынан учурда митингчилер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдиришти.

Өлкө башчысы “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду