Б. Абдырасаков: Бажыдагы 50 % коррупция казынага, элге кайтыш зарыл. 

 

 

-“Азаттыктын” айтылуу Райымбек Матраимов боюнча иликтөөсү коомчулукта жарылган бомбадай эффект берди. Мунун артында ким турушу мүмкүн? Журналист кимдин заказын аткарды?

 

-Иликтөөнүн артында ким турганынын кызыгы жок , коррупциянын ачыкка чыгышы кызык! Талаш тартыштан чындык такталат. Бул жерде Акаев, Бакиев, Атамбаевтен калган “кормушка” ачыкка чыгып, токтош керек! Бажыдагы 50 % коррупция казынага, элге кайтыш зарыл, эң негизги элге керек маселе ушул.

 

-Аида Салянованын, ошондой эле соттордун “серый кардиналы” Манас Арабаевдин камакка алынышы бийликтин чындап эле коррупцияга каршы күрөшүп жаткандыгынын белгисиби?

 

-“Серый кардиналдын”, Салянованын камалышы - ошол жакта иштегендерге сабак болуусу тийиш. Бийликте турган айрым адамдар күч органдарын курал катары колдонорун, кызматкерлер аны аткарып, кийин бийлик алмашкандан кийин соттолоорун билиши шарт. Мундан ары бийликтин айткандарын эле аткарып олтура бербеш керектигин түшүнүү абзел.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити