Атамбаев төрагалык кылган КСДПнын мүчөлөрү милицияга арыз менен кайрылышып, анын негизинде кылмыш иши ачылган. Учурда ал кылмыш иши токтотулганын Жалал-Абад ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, КР жоруктар Кодексиндеги "Майда бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон эле. Бул беренеге ылайык, 30дан 60ка чейин эсеп көрсөтмөсүндө айып пул салынмак жана коомдук иштерге тартылмак. Бирок, эч кандай бейбаштык болбогону такталып, кылмыш иши жабылды.
Эске салсак, Жалал-Абад шаарында ксдпчыларды белгисиз адамдар келекелеп жатканын видеого тартып чыгарышкан. Алар муну атайын жасалган аймактык бөлүнүүнү жаратууга багытталган провокация деп белгилешкен.