Свердлов райондук сотунда каралып жаткан Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча соттук процессинде экс-премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов аны абактан бошотуу боюнча сотко өтүнүч келтирген. Адвокат экс-премьер-министрдин темир тор артында бир жылдан ашуун убакыттан бери кармалып жатканын жүйө келтирген. Айтымында, бул мыйзамдын жана Исаковдун укугунун бузулушунун белгиси.
Бирок, сот Инара Гилязитдинова өтүнүчтү канааттандырбады.