Бишкек, “Саясат. kg”. Москвада бычак жеп каза тапкан Кыргызстандын жаранынын сөөгү мекенине жеткирилди.

Бишкек, “Саясат. kg”. Кыргыз-кытай чегарасы убактылуу жабыла турганын КР Мамлекеттик чегара кызматынан билдиришти.

2017-жылдын 1-апрелинен тарта дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн келген туристтер, ошондой эле 12 өлкөнүн 55 жаштан жогорку курактагы жарандары Өзбекстандын аймагына визасыз кире алышат.

Ютуб, Фейсбук, Твиттер жана Майкрософт өз сайттарында террор пропагандасына байланышкан маалыматтарды өчүрө баштай тургандыктарын билдиришти.

Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапары менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу «Азаттыкка» жеке булактары кабарлашты.

Бишкек, “Саясат. kg”. Жалал-Абад прокуратурасы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматынын ээлерине карата кылмыш ишин ачты.

Бишкек, "Саясат. kg". "Көмүр каролу" деген атка конгон, бир убактарда президенттикке талапкерлигин да койгон Нурлан Мотуев кезектеги жолу турмуш куруу алдында турат. Бул жолу анын кайырмагына 20 жаштагы "крутой" кыз илинди. 

Бишкек, “Саясат. kg”. Кыргызстандагы Улуттук-мекенчил күчтөрдун биримдигинин  демилгеси менен  7-декабрь күнү,  саат 10.00 дө  Бишкектин эски аэропортунан ( Болжолу: Политех.инст. Ормон хандын эстелигинин жанынан)  Ала –Тоо аянтын көздөй  “БИЗ КЫРГЫЗБЫЗ” аталышында тынчтык жөө жүрүшү өтөт. 

Бириккен Улуттар Уюму Беларустагы өлүм жазаларын айыптады. Өткөн аптада Европа биримдиги өлкөдө үч адамга карата өлүм жазасы ишке ашырылганын ырастаган — ноябрь айында камактагы Геннадий Яковицкий, Иван Кулеш жана Сергей Хмелевский өлүм жазасына тартылган.

Бишкек мэриясы Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отко" картошка бышыргандар боюнча милицияга кайрылды. Маалыматка караганда, 29-ноябрда жаш уландар аталган жерде картошка бышырганы тартылган видео тараган.

 

Бишкек, "Саясат. kg"Бүгүн, 7-декабрда “Парк-Отель” мейманканасында Кыргызстан демократиялык  кыймылынын (КДК) демилгесинде, бийлик менен оппозициянын ортосундагы  диалогду жаратуу  максатында  тегерек стол өткөнү турат.

5-декабрда Петропавловск шаардык соту социалдык түйүндөр аркылуу улуттук кастыкты козуткан жана Орусияга кошулууга үндөгөн деген айыптар менен Түндүк Казакстан облусунун жашоочусу Игорь Чупринди 5,5 жылга соттоду. Прокуратура анын 7 жылга эркинен ажыратылышын суранган болчу.

Бишкекте сасык тумоонун жайылышы азайган жок.

Бишкек, “Саясат. kg”. Жарандык активист Адиль Турдукуловду президенттин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев сотко берди. Ал “ар –намысына шек келтирген” активисттен 5 миллион сом өндүрүүнү ниет кылып турат.

Бишкек, “Саясат. kg”.  Москва шаарында грипптен каза болгон 1996-жылы туулган Шамшытбекова А. аттуу Кыргызстандык жаранынын сөөгү Бишкекке жеткирилди.

Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери 2003-жылдан бери премьер-министрликти аркалап, өлкөнүн тунгуч президенти Ислам Каримовдун өлүмүнөн кийин убактылуу мамлекет башчысы болгон Шавкат Мирзиёевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттукташты.

Орусия президенти Владимир Путин «карьерасын ийгиликтүү аяктоону» каалай турганын билдирди.

Франциянын премьер-министри Мануэль Вальстын өлкө президенттигине талапкерлигин көрсөтөрү күтүлүүдө. Өкмөт башчынын канцеляриясынан билдиришкендей, ал шайлоого катыша тургандыгы жөнүндө бүгүн кечинде билдирүү жасайт.

Европа биримдиги Ош, Кара-Суу жана Чолпон-Ата шаарларында суу менен камсыздоо системаларын жакшыртууга жана инфраструктураны жаңылоого  11 миллиондон ашуун евро бөлөт.

Борбордук Американын Белиз өлкөсүнөн келген трасттык документтер “ата мекенчи” Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованын Кыргызстанды сүлүк курттай соргон экс-ханзаада Максим Бакиевге караштуу компанияга “Мегакомдун” 51% акциясын алып берүүгө баардык күчүн жумшаганын ашкереледи. Албетте, бекер эмес, акысына үч эрен компаниянын 22% үлүшүн алышмак.