Палестина менен болгон футбол матчынан кийин кыргызстандык күйөрмандар таштандыларды тазалашты.
Бул соцтармакка жарыяланган видеодон улам белгилүү болду. Видео соцтармак колдонуучуларын кубанычка бөлөдү.
Алардын арасында кыргызстандыктардын тазалыкка үйрөнө баштаганын япондуктардын тийгизген таасири катары баалагандар болду.
Эске салсак, 2018-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатында япондуктар көрүүчүлөрдү таң калтырышкан. Алар ар бир матчтан кийин таштандыларды тазалашкан.