Румынияда өткөн эл аралык турнирге Кыргызстандан барган жеңил атлетчилер 4 медаль утуп алышты.

 

Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, мелдеш 7-8-июнь күндөрү  Кулж-Напока шаарында өттү.

 

Анда Кыргызстандын намысын коргогон Анна Буланова 100 метр жана 200 метр аралыкта чуркап күмүш медалга татыктуу болгон. 

 

Эркектер арасында Нурсултан Кеңешбеков 1500 метр жана 5000 метр аралыкта чуркап, экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.