Депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Дастан Жумабековду экс-президенттин парламент боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарууга чакырды.

 

“Бизди эки жолу чимкирик деп атады. Коомчулук анын билдирүүлөрүн талкууга алып жатат. Акыркы убакта эмнелер болуп жатканын көрүп жаткандырсыз. Туйгуналы Абдраимовду журналисттин кебетеси жакпайт дегени үчүн иштен алышты.

Журналисттер аз жерден жеп сала жаздашты. А Атамбаев депутаттарды чимкирик деген кайра кайра кайталады. Сиз бизди коргошунуңуз керек. Бул жерде чимкириктер жок, бул жерде Кыргызстандын элитасы отурат. Сөздү да абайлап сүйлөө керек”, - деди Рыспаев.