Экс-башпрокурор Аида Салянова №1 абакта калтырылганын анын адвокаты Рабига Садыкова билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.
Экс-башпрокурор сотко өзү келе албады, анын ден соолугу начарлап, ооруп жатат. Ошондуктан сот аппеляцияны ал жокто карады.
Адвокат сот Салянова жалпы абакта кармалса, өмүрүнө коркунуч тууларын түшүнбөй жатышканын белгиледи.
Аида Салянова мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде кармалган.