Намазалиев Алтынбек Адбисаламович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

 

Тийиштүү буйрукка мурда ээлеген кызматынан бошотуп Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

 

Борбордук аппараттын жамаатына облустун жаңы башчысын Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тааныштырды.

 

Эске салсак, кечээ, 10-июнда Абылгазиевдин буйругу менен өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгуналы Абдраимов кызматынан бошотулган.