“Ажырашуу” демилгеси “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев тарабынан көтөрүлгөнүн айтышууда.

Бишкек, "Саясат. kg". Жогорку Кеӊеште «Альфа Телекомдун» акцияларынын сатылышынан түшкөн каражаттын Southfield («Саутфилд») компаниясына берилишине Жогорку Кеӊештин айрым депутаттарынын кызыкчылыгы болгону тууралуу Белиз мамлекетинен (Борбордук Америка) келген документтердин таржымалы жөнүндө маалымат угулду. Жыйынга УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен башкы прокурор Индира Жолдубаева чакырылган.

Бишкек, "Саясат. kg". Бүгүн, 17-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы куралган өкмөт мүчөлөрү салтанаттуу ант беришти. 

Бишкек, "Саясат.kg". Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-ноябрда өлкөнүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды.

Москванын түштүк-батышындагы полиция бөлүмдөрүнүн бирине өзбекстандык Лутфилло аттуу мигрант келип, аялына каршы арыз таштап кетти.

Бишкек, “Саясат. kg”. Окуя Россиянын Санкт-Петербург шаарында болгон. Күндүз Джон Рида көчөсүндөгү 8-үйдүн короосундагы таштанды салынчу жерде турган чакадан жаңы төрөлгөн кыз бала табылган.

17-ноябрда үч өлкөнүн ишкерлери Ош шаарындагы Фергана соода-экономикалык форумуна чогулушат. Бул тууралуу Оштун биринчи вице-мэри Замир Аскаров билдирди.

Бишкек, “Саясат. kg”. “Шайлоо аймактары  сапаттуу кайтаруучулар менен камсыздалышы керек”, - деди БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Ал бул тууралуу аталган мекеменин жыйынында билдирди.

ИИМдин жеке коопсуздук кызматы тарабынан узак убакыттан бери маңзатын мыйзамсыз сатуу менен алектенип келген бир нече милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек, “Саясат. kg”. Жогорку Кеңештин кечээ, 16-июндагы жыйынында спикер Чыныбай Турсунбеков менен депутат Төрөбай Зулпукаров кайым айтыша кетишкен. Бул Белиз документтерине байланыштуу талкуудан улам келип чыкты.

 

Бишкек, “Саясат. kg”. Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу диний көз караштары келишпей, Фейсбук тармагында кер-мур айтыша түшкөн Эшенгазиев аттуу жаран менен мушташты биринчи баштаганын жана бул чырда жабырлануучу болгонун айтууда.

Бишкек, “Саясат. kg”. Твиттер соцтармагына Муслим деген аталыштагы колдонуучу президент Атамбаевди өлтүрүүгө ниеттенип атканын жазып чыккан. Улуттук коопсуздук комитети бул жаранды издеп баштады.

Бишкек, “Саясат. kg”. Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин үйүнө, кечээ, 14-ноябрда белгисиз адамдар киришкени тууралуу кабарланган. Бул боюнча бүгүн соттук экспертиза дайындалды.

TojNews көз карандысыз агенттиги “Индем” коомдук уюмунун чечими менен жабылды. Агенттиктин жамааты окурмандарына коштошуу кайрылуусун жолдоду. Буга чейин “Индем” өзүнүн “Нигох” гезитинин жабылганын да кабарлаган болчу.

Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору Дүйшөнбек Чоткараевди кабыл алды.

Бишкек, “Саясат. kg”. Транспорт министринин мурдагы орун басары Эрнис Мамыркановго карата кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Бишкек, “Саясат. kg”. Кечээ, 14-ноябрда Жерди айланган ай биз жашаган планетага абдан жакын келди. Мындай кубулуш окумуштуулардын айтымында 68 жылдан бери биринчи жолу болуп атат.

Бишкек, “Саясат. kg”. Кыргызстанда 16-17-октябрда көп аймактарда жамгыр жаашы күтүлөт. Тоолуу жана тоого жакын аймактарда кар жаайт.

Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Бишкек, “Саясат. kg”. Россиянын ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский АКШнын президентигине Дональдо Трамптын жеңип чыгышы тууралуу кеп козгогон телекөрсөтүүгө катышты.

Орусия президенти Владимир Путин менен АКШнын жаңы шайланган президенти  Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү. Кремль билдиргендей, сүйлөшүү өз ара макулдашуунун негизинде өттү.