УКМКнын маалыматына караганда, ыкчам-иликтөө иш чараларынын негизинде "Манас-абамайдан" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу мамлекеттик чегараны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракеттенген жарандар кармалды. Коңшу мамлекеттердин биринин 29 жаштагы жараны Ю. М. Ислам Кодиров деген атка берилген Кыргызстандын жасалма паспорту менен Стабулга учуп жатканда кармалды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, паспорттогу көрсөтүлгөн сериянын ээси Кыргызстандын жараны, Ош облусунун 2003-жылы туулган А.у.Б. аттуу жараны болуп чыккан.
Ошол эле абамайдандан жана ошол эле убакта жасалма паспорт боюнча кылмыштуу топтун уюштуруучусу А. С. кармалган. Анын жанынан Пайзуло Насыров деген атка берилген жасалма паспорт табылган.
Ал Кыргызстандын паспортторун чет өлкөлүк жарандар үчүн жасалма жасоо боюнча туруктуу каналды уюштуруп, документтерди согуш абалы жарыяланган аймактардагы террористтик уюмдарга жөнөтүү үчүн пайдаланышкан.