Чүй облусунун губернатору Туйгуналы Абдраимов ал отурган мекеменин алдына чогулган журналисттерге чыкпай койду. Бир нече журналист губернатордун отставкасын талап кылышууда. 

 

Эске садсак, Орок айылында окуяда Абдраимов AKIpress маалымат агенттигинин журналистине маалымат берүүдөн баш тартып, ал аз келгенсип "сиздин өңүңүз мага жакпай турат", - деген орой сөз айткан. Мындан улам нааразы болгон журналисттер аткаминер менен жолугушууга Чүй облустук администрациясына барышкан. 

 

Бирок, губернатор кабинетинен чыккан жок. Журналисттер ал отурган кабатка көтөрүлгөндө жолугушуудан баш тартты. Журналисттер жыйырма мүнөттөй күтүшкөнү менен жыйынтык чыккан жок, жашынган аткаминер кабинетинен башын чыгарбады.