Түп районунун Михайловка айылында алты жана төрт жаштагы эки бала каза тапты. Аймактык ИИБинин маалыматына караганда, окуя 3-июнда болгон. 

 

Төрт жана алты жаштагы эки бала короодо ойноп жатып, дайынсыз кетишкен. Ата-энеси алардын добушу чыкпай калгандан кийин издеп башташкан. Кечки саат беште гана балдар табылган, бирок алар каза болуп калышкан болчу. Короодо турган эски муздаткычтын ичине кирген балдар кайра ачалбай калышкан. 

 

Факт жоруктардын жана кылмыштардын Бирдиктүү реестрине каттоого алынды.