Чүй облусунун губернатору Туйгуналы Абдраимов бир сааттан ашык убакыттан кийин журналисттер менен жолугушууга эркин жыйды. Бирок, он мүнөткө жетпеген убакыттан кийин кайра кетти. Ал эми журналисттерди залдан анын кайтаруучулары дагы бир топко чыгарбай кармап турушту. 

 

Абдраимов журналисттен кечирим сурабай турганын айтты. Ал өтө эле орой суроо бергенин белгиледи. 

 

Анын артынан журналисттер "уят" деп кыйкырып калышты. 

 

Эске салсак, Орок айылындагы окуяда журналисттердин бири Абдраимовго суроо берип, бирок жооптун ордуна "Сиздин кебетеңиз мага жакпай жатат", - деген какшык алган.