2-июнда президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев убактылуу абакка киргизилди. УКМК тарабынан М.Арабаев “кызматтык абалынан кыянат пайдалангандыгы” аныкталган. Мындан тышкары “чет элдик инвесторлордун объекттерин рейдерлик басып алуу” айыбы да коюлган.
Мурда президенттик аппараттын аталган бөлүмүндө эксперт болуп иштеген М.Арабаев соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматына 2015-жылы ошол кездеги президент А.Атамбаевдин буйругу менен дайындалган.
Бирок, 2018-жылдын май айында жаңы президент С.Жээнбеков Арабаевди кызматынан алган. Мамлекет башчы мындай кадамга “судьяларга басым көрсөтөт”- деген коомчулуктун пикиринен кийин барган. Айрыкча М.Арабаев “Ак үйдүн көрсөтмөлөрүн аткарбагандыгы үчүн судьяларды кызматтан ала алат”- делген нааразычылык күчөп кеткен болчу.
М.Арабаев тарабынан судьяларга басым көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу 2016-жылы парламент трибунасынан депутат Канатбек Исаев да айтып чыккан. Ал ошол учурда “бардыгы Манастын жана анын орун басары Алмаздын телефон чалуусу менен чечилет”- деп айткан. Ал эми Атамбаевдин президенттик аппараты бул маалыматты четке кагып коюшкан.
Демек, тергөөнүн жүрүшүндө М.Арабаев сотторго кандай басым жасап, эски бийликтин кандай мыйзамсыз көрсөтмөлөрүн аткарып, кимдерге кыянатчылык кылгандыгы аныкталууга тийиш...
Булак: “Майдан.kg” гезити