Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн кандайча бошотулганы тууралуу Ички иштер министрлигинде (ИИМ) сурак бергенден кийин 48 саатка кармалды.
Салянова суракка 3-июнда түшкү саат үчтө чакырылган.
Дүйшөмбүнүн кечинде ИИМдин алдында Салянованын кыркка жакын тууганы, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко жана Жанар Акаев келишти.
Суракта Салянованы мурдагы аскер прокурору Майрамбек Акматалиев жана башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманова менен беттештиришкен.
Буга чейин Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткен соң гана билгенин айткан болчу.
2013-жылы убактылуу депутаттык комиссия кримтөбөл Батукаевди мыйзамсыз эркиндикке чыгаруу мамлекеттик бийликтин беделине көлөкө түшүргөнү тууралуу тыянак чыгарып, ага катышы бар катары 28 кызмат адамынын тизмесин жарыялаган. Анын натыйжасында айрым жогорку кызмат адамдары ээлеген орундарынын бошотулса, айрымдары кызматынан көтөрүлгөн.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө. Анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да жакында кармалган.
Бирок А.Салянованын камалышы боюнча коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Айрымдар “Бул бийликтин куугунтуктоосу” дешсе, башкалары экс-башкы прокурор кызматта турганда далай мыйзамсыз иштерди жасап, күнөөсү жок адамдарга кыянатчылык кылгандыгын айтышууда.
Булак: “Майдан.kg” гезити