Ош облусуна караштуу Ноокат районунда кечээ болжол менен 17:00дө катуу жааган жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Селдин кесепетинен Жаңы-Ноокат, Гулистан, Зулпуев айыл аймагы жана Ноокат шаарында бир катар турак-жайларды суу каптаган.
Гулистан айыл аймагында турак-үйлөрүнүн, "Медагос" медициналык борлорунун жер төлөөлөсүнө суу кирсе, Ак-Чабу айылында дээрлик 500 метр жолду суу каптаган.
Жерине КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгын ыкчам тобу, КР ӨКМнин №71 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 20 куткаруучу, айыл аймактан 1 экскаватор жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.
Куткаруучулар мотопомпонун жардамы менен жертөлөөлөргө кирген сел сууларын тазалап беришкен. Тазалоо жана калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат