Депутат Иса Өмүркулов парламент жыйынында Атамбаевдин митинги тууралуу айтты.
“Атамбаев бүгүнкү күнү тынч отурса жакшы болоор эле. Бийлик колунда жок, ага карабай позициясын бизге таңуулап жатат”, - деди Өмүркулов.
Ошондой эле ал Башкы прокуратура менен спикерди Атамбаевдин билдирүүлөрүнө реакция жасоого чакырды. Айтымында, ал досуна таза иштейт деп ишенген.
“Жаштар билбесе керек, биз Акаевдин убагынан бери чогуубуз. Чогуу кыйынчылыктардан өттүк, митингдерде болдук. Мен досум бийликке келсе таза иштейт деп ишенгем. Эгер ал бийликти тынч жол менен өткөрүп, таза шайлоо менен камсыздаса өнүгөбүз деп ишенгенбиз. Бирок, тилекке каршы андай болбоду. Атамбаев эл алдына чыгып сүйлөбөй эле койсо болмок”, - деди Өмүркулов.
Депутат Алмамбет Шыкмаматовго бул кеп жакпады.
“Эки жүздүүлүккө парламентте орун жок. Текебаев бийлик узурпациялоо болуп жатканын айтып, Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу керектигин айтканда, Өмүркулов так ушул жерден “Атамбаев журт атасы” деп айткан. Эки жүздүүлүк кылбай тынч отур”, - деп кайра Өмүркуловду жайына койду.
Мындан улам эки депутаттын ортосунда кайым айтышуу бир канча убакытка созулду.