«КТ Мобайл» компаниясы менен Иманкадыр Рысалиевдин тегерегиндеги ызы-чуу басылып-басыла электе, «Ачык өкмөттүн» катчылыгынын мурдагы жетекчиси кайрадан коомчулуктун көңүл чордонуна илинди.
Бул сапар экс-президент Алмазбек Атамбаев аны Жаныш Бакиевдин кеңешчиси атап, элдин көңүлүн бурду. Мындан улам Рысалиевдин өмүр таржымалын карап чыгууга туура келди.
Туугандык байланыштар
Иманкадыр Рысалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы. Ал премьер-министрдин жубайынын бир тууганы Таалайгүл Сабырбековдун өмүрлүк түгөйү. Сабырбекова – онкологиялык дартка чалдыккандарга жардам берген “Эргэнэ” коомдук фондунун жетекчиси. Алардын уулу Эрназар Иманкадыр уулу “КТ Мобайл” компаниясынын директорунун орун басары болгон.
Май айынын орто ченинде өкмөт башчынын бажасынын уулу азырынча ишке кирише элек мамлекеттик компаниянын жетекчилигинин курамына кирип, ири суммадагы маяна алаары белгилүү болуп, ызы-чуу башталды. Андан кийин Рысалиевдин уулу отставкага кетти жана ушул убакка чейин алган маянасын мамлекеттик казынага кайтарды.
Карьера
Иманкадыр Рысалиев карьерасын И. Ахунбаев атындагы КММАда окутуучу болуп иштөө менен баштаган. Ар кайсы жылдары ал банк тармагында да эмгектенди, Аскар Акаевдин жардамчысы болуп, анын маалымат кызматын жетектеди. Социалдык коргоо министрлигин эки жолу башкарды. Мамлекеттик антимонополиянын директору, андан кийин “Кыргызпочтасынын” башкы директору, андан кийин Кыргызстан профсоюздар Федерациясын да жетектеди.
Ошондой эле Иманкадыр Рысалиев “Ата Журт” партиясынын саясий кеңешинин курамына кирген жана анын тең төрагасы да эле. Асылбек Жээнбеков спикер учурунда анын коомдук жардамчысына айланды, бирок бул кызматынан 2018-жылдын апрель айында гана бошотулган.
Ал “Ачык өкмөт” эл аралык уюмунун катчылыгын жетектеди, бирок ызы-чуудан кийин отставкага кетүүгө аргасыз болду.
Ал саясий эксперт катары өзүн көрсөтүп, ММКларга “Ак үйдөгү” кадрдык алмашуулар, парламенттин таратылышы боюнча пикирлерин билдирип чыгып жүрдү.
Бизнес
2000-жылы аны кыргыз тилдүү ММКлар өлкөдөгү 100 бай адамдардын тизмесине киргизишти. osoo.kg порталындагы маалыматка караганда, Иманкадыр Рысалиев “Аналитикалык альтернатива” ЖЧКсынын (коммерциялык ишмердүүлүк жана башкаруу маселелери боюнча кеңеш берүүчү) түптөөчүсү болуп саналат.
Жаныш Бакиевдин кеңешчисиби?
8-июндагы митингде Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун айланасындагыларга басым жасап, Иманкадыр Рысалиевди Жаныш Бакиевдин кеңешчиси деп атады.
“Жээнбековдун жакын досу жана кеңешчиси Иманкадыр Рысалиев Жаныш Бакиевдин кеңешчиси болчу. Алар жөнөкөй гана тыянак чыгарышты: эгер Бакиевдин убагында коркутуш үчүн өлтүрүшсө, азыр күнөөсүздөрдү эле түрмөгө тыга башташты”, - деди экс-президент.
Иманкадыр Рысалиев Kaktus.mediaга маегинде Атамбаевдин билдирүүсүн жокко чыгарды.
“Бул Атамбаевдин кезектеги фантазиясы. Мен Антимонополиялык комитеттин директору болчумун, а ал өнөр жай министри эле, андан кийин Бакиев менен оппозициянын ортосуна көпүрө болууну каалап, премьер-министр болду. Антимонополиялык комитетти башкаруу менен мен анын өкмөтүндө иштеп, ал өткөргөн жыйындарга катыштым. Эмнеге мени Жаныш Бакиевдин кеңешчиси кылып койгонуна түшүнбөдүм. Бул анын кезектеги фантазиясы. Эч убакта Жаныш Бакиевдин кеңешчиси болгон эмесмин. Мен Атамбаевдин Бакиевдин тушунда түптөгөн өкмөтүндө иштегем. Ошондо ал өзү ким болуп калат? Анда ал Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болгонбу? Ошол убакта аянтта Бакиев менен иштешүүгө болоорун айтып кыйкырган, депутаттардын алдында Бакиев менен оппозицияга көпүрө болгусу келээрин жар салган. Мен аны такыр түшүнбөй калдым”, - деди Иманкадыр Рысалиев.
Ал президент менен достук мамилеси бардыгын кошумчалады. Алардын достугу Жээнбеков бийликке келгенге чейин эле түптөлгөн.
“Жээнбеков менен достук байланышым бардыгын жокко чыгаргым келбейт. Ал оппозицияда, а мен бийликте жүргөн кезибизде мамилебиз бекемделген. Андан кийин ал бийликке келди, а мен жумушсуз жүрдүм. Биздин ортобузда нукура достук бар”, - деди Рысалиев.
“Кактус” сайтынан алынып которулду