Жогорку Кеңештин жыйынында бир нече депутат экс-президент Атамбаевдин 8-июндагы митингде парламенттин дарегине айткан сын-пикирине каршы үн катышты.

 

Депутат Канат Исаев Батукаевдин бошотулушу жана бийликтин узурпациялануусуна так ошол Атамбаев өзү айыптуу экенин айтып чыкты. Ошондой эле депутат экс-президенттин ашепке кеткен кылыктарына баа берүү зарылдыгын белгиледи:

 

“Эгер Башкы прокуратура, ИИМ бере албаса, парламент тийиштүү баа берүү чарасын өз колуна алышы керек”, - деди ал.

 

 

Депутат Талант Мамытовдун айтымында,  экс-депутат менен депутаттар бирдей. Жакында экс-президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзамга кол коюлду.

 

“Эми баарыбыз бирдейбиз. Оор кылмыш жасасак, баарыбыз жоопкерчиликке тартылабыз. Биз биригип, Атамбаевдин иштерине баа беришибиз керек. Эгер аны жасай албасак, Атамбаев айткандай чимкирик парламент болуп калабыз. А эгер жасасак, кимибиз чимкирик экенибизди көрөбүз”, - деди депутат.