Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Исаков Жаныбек Маматович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Ошондой эле, өкмөт башчынын буйругу менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэри Мумбаев Мухубилла Пахридинович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.