Айыл чарба продукцияларын (мөмө-жемиш, жашылча ж.б.)  Казакстанга жана башка өлкөлөргө жөнөтүп жаткан ишкерлер КНС, сатуу салыгы, киреше салыгы жана мүлккө болгон салыктан бошотулушту. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. 

 

Министрликтин орун басары ДАстан Кадыровдун айтымында, Салык кодексине ылайык, ал ишкерлерге төмөнкү талаптар коюлат: 

 

-ишмердүулүк атамекендик айыл чарба продукцияларын реализациялоого жана аларды кайра иштетүүдөн пайда болгон азыктарга багытталышы керек. 

 

-ишкерлерге өндүрүш, административдик, склад жана башка имараттары бар жер тилкелери, имараттагы иргөө, сактоо, таңгактоо, жеткирүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө ылайыкталган жабдыктар таандык болушу керек.