Ысык- Көл облусундагы эркек эркекти зордуктаганы боюнча ачылган кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилди. 

 

Укук коргоо кызматтарынын маалыматына караганда, айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алган эмес. Бирок, соттук-биологиялык экспертига жыныстык катнаш болгонун тастыктаган. Иш Ысык-Көл райондук сотунда каралат. 

 

Эске салсак, Бактуу-Долоноту айылында эркек 24 жаштагы айылдаш жигитти зордуктаганга шектелген. Жабырлануучу соттук-психиатриялык экспертизадан өтүп, ал зордуктоо боюнча калп айтпаганы белгиленген.