Саламаттыкты сактоо министрлиги онкология жана гемотология Улуттук борборунун балдар бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түздү. Министрликтен билдиришкендей, комиссиянын курамына 12 адис кирди жана биринчи жыйын болду. Иш абдан көп болот, андыктан комиссия июлдун ортосунан кийин гана корутундусун чыгарат.
Эске салсак, Жогорку Кеңештеги жумушчу топ балдар бөлүмүнүн ишмердүүлүгүндөгү эреже бузууларды тапкан. Алардын бири - лимфобласттык лейкоздун курч түрүн дарылоодогу "Москва-Берлин" иликтөөчү клиникалык протоколдун мыйзамсыз колдонулушу. Депутат Евгения Строкованын айтымында, бул протокол боюнча дарыланган 30 баланын бешөөсү гана тирүү калган. Алардын да акыбалы жакшы эмес.
Бирок, депутаттын билдирүүсүнө оорулуу балдардын ата-энелери каршы чыгышты. Алардын айтымында, балдар аман, ден соолуктары жакшы. Өз курактагы балдар менен ойноп жүрүшөт. Ага далил катары балдардын 2018-жылдын август айында Москвада өткөн "Бүткүл дүйнөлүк жеңүүчүлөрдүн оюнуна" катышканын айтышат. Анан алар депутаттан оорулуу балдар тууралуу калп маалыматтарды айтуусун токтотууну талап кылышкан.