Балыкчыдагы 12 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши сотко өткөрүлдү. 

 

Укук коргоо кызматтарынын маалыматына караганда, иш Балыкчы шаардык сотунда каралат. Шектүү күнөөсүн моюнуна алган жок. 

 

Балыкчы шаарында 30 жаштагы киши 6-класстын окуучусун үйүнө жаңы кийимдерди көрсөтөм деп алдап алып барып, зордуктаган. Окуя тууралуу кыз ата-энесине бир айдан кийин гана айткан.