"Электрондук виза" системасы боюнча ортомчу сайттардын иштеп жатканы ачыкталганын КР ТИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай сайттар расмий www.evisa.e-gov.kg сайтынын форматын көчүрүп алышып, арыз берүүчүлөрдү адашууга түртүп жатышат. Анан да ортомчулар виза үчүн бааны 150 пайызга көтөрүп салышкан.
Ушундай сайттар аркылуу Кыргызстанга электрондук визага арыз таштагандар арыздарын "Электрондук виза" системасынан таппай калышат. Ал сайттардын бири - kyrgyztanvisas.com.
Ошондуктан министрлик виза алууга арызды www.evisa.e-gov.kg расмий сайтына гана таштоону эскертет.