А. Маматалиев: Жөнөкөй эл тарабынан туура кабыл алынып жатат.
-“Азаттыктын” айтылуу Райымбек Матраимов боюнча иликтөөсү коомчулукта жарылган бомбадай эффект берди. Мунун артында ким турушу мүмкүн? Журналист кимдин заказын аткарды?
- Бул иликтөө кайсы бир саясий күчтөрдүн тирешүүсүнүн жыйынтыгы деп болжосо туура го. Матраимовдордун факторун кимдир-бирөөлөр курал катары колдонууга аракет кылып жаткандай. Кандай болгон күндө да аларды жакында “улуттук баатырга” айлантканы калышты...
-Аида Салянованын, ошондой эле соттордун “серый кардиналы” Манас Арабаевдин камакка алынышы бийликтин чындап эле коррупцияга каршы күрөшүп жаткандыгынын белгисиби?
-Жөнөкөй эл тарабынан туура кабыл алынып жатат. Анткени, Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганы боюнча күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу учурдун негизги талабы болууда. Манас Арабаевдин аты сот бийлигин кризиске алып келген негизги күнөөкөр катары белгилүү болуп калган.
Булак: “Майдан. kg” гезити