Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДП партиясы экс-президент Атамбаевдин үстүнөн доо арыз жазды. Арыз Свердлов райондук сотуна берилгенин Абдрахманов өзү айтты. 

 

"Сот аркылуу Атамбаевден партиянын мөөрү менен документтерди алышым керек. Атамбаев 3-апрелде Юстиция министрлиги сайтындагы партия тууралуу маалыматты өзгөрткөндөн  бери КСДПнын төрагасы эмес", - дейт ал.