Кыргызстан муфтийинин орун басары Акимжан Эргешов мындай көрүнүш жакшы эместигин билдирди.
Ал жарамазандын чыныгы маани-маңызы элге ыйык айдын башталганы тууралуу кабар берүү болоорун белгиледи.
Айтымында, Интернет, телекөрсөтүү, радио пайда боло элек заманда Орозонун биринчи күнү аксакалдар жаш балдарды айылдарды кыдырып, ыйык айдын башталганын кабарлагыла дешчү. Азыр болсо жаш балдар Орозонун бардык күнүндө жарамазан айтышат.
“Биздин эл балдардын ырдашына каршы эмес. Бирок, аны жайылтуунун кереги жок. Жаш балдар азыр супермаркеттердин, кафе-ресторандардын жанында айтып жатышат. Биз аларды жеңил акча табууга көндүрбөш үчүн мындай кылуу туура эместигин жеткиришибиз керек”, - деди муфтийдин орун басары.
Ал эми тарыхчы-саясий таанучу Айнура Арзыматова жарамазан айтуу акырындык менен кайыр суроого айланып кеткенин белгилейт.
“Жарамазан айтып келген балдарда үйдө бар азыктарды берсең алышпайт. Акча берсең алышат. Бул кандайдыр бир бизнес болуп калды. Жаш муун кичине чагынан ушуга көнүп башташты”, - дейт.