Аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, номерди алмаштыруу “Кыргызтелеком” бардык кыска үч сандуу номерлерди төрт сандуу номерге которуп жаткандыгына байланыштуу болду.
Ошондуктан, жарандардан мындан ары салык салуу жана салык кызматынын ишмердүүлүгү боюнча 1240 номерине кайрылуусу керек.
Эскерте кетсек, МСКнын Маалымат борборунун негизги максаты – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдерин колдонууда көмөк көрсөтүү жана түшүндүрүү салык кызматынын ишмердиги жөнүндө ар кандай маалыматтарды ыкчам берүү ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн салык маселелери боюнча салыктык сабаттуулугун жана салык салуу чөйрөсүндөгү маселелер боюнча маалыматтулугун жогорулатуу боюнча кызмат көрсөтүү болуп саналат.