Сузак районунда оор абалда ооруканага түшүп, каза тапкан 2 жаштагы кыздын таенесине бир гана Кыргызстандын эмес, Жалал-Абаддын аймагынан чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу аймактык ИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, денесинде көгала тактар бар болуп, соккудан улам каза тапкан баланын таенеси бул иште күбө катары өтүүдө. Кошумча экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгы менен берене бир оор беренеге алмашылышы мүмкүн. Анын негизинде айыпталуучу аныкталат.
Эске салсак, кыздын энеси эки кичинекей кызын өгөй энесине таштап, Россияга иштөө үчүн кеткен.