2019-жылы Кыргызстанда 363, 4 чакырым жолго асфальт төшөө пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, анын 126, 6 чакырымы бюджеттик каражаттан төшөлөт. Аны менен бирге Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун жети чакырымы да асфальттанат. Андан тышкары айылдардын ичиндеги жолдор да оңдолот.