Депутат Исхак Масалиев пленардык жыйында өкмөт башчы Абылгазиевге өткөн жылы сунуштаган өкмөт курамы менен гана иштей турганын убадалаганын эске салды.

 

“Бирок, андан бери көп эле жетекчилер алмашты”, - деди депутат.

 

Айтымында, Олег Панкратор менен Нурбек Мурашев жетиштүү деңгээлде иштей албагандыктан катуу сынга кириптер болушту.

 

Андан ары депутат “КТ Мобайл” тууралуу кеп козгоду.

 

“Сиз билесиз да, кеткендер тууралуу жаман кеп айтпайт. Кеткен адамдарды айтып не кереги бар? Кызматын тапшыргандарды жамандаштын кереги жок, андан пайда да жок”, - деди Абылгазиев.


 “Кеткендер эмес, өлгөндөр тууралуу жаман айтпайт. Сиз дагы арыз жазып кетишиңиз керек болчу, бирок аны кылбадыңыз”, -деген депутатка жооп кылып Абылгазиев “КТ Мобайл” боюнча азыр комиссия иштеп жатканын, анын жыйынтыгы эгер анын компанияга чын эле катыштыгы бардыгын далилдесе, анда кетээрин айтты.

 

Жогорку Кеңеш бүгүн бир катар министрликтердин жана комитеттердин башчылыгына талапкерлерди кароодо. Абылгазиев төрт талапкерди сунуштады. Алар маалыматтык технологиялар Мамлекеттик кызматына – Дастан Догоев, айыл чарба министрлигине – Эркин Чодуев, өкмөт Аппаратынын жетекчилигине – Самат Кылжыев, экономика министрлигине –Санжар Муканбетов.